Эмен жыгачтын уругун тешүүчү
чымын-чиркей түрүнүн механизми
Бир тактайды тешүү
өтө кыйын. Адам үчүн техникалык шайман колдонбой жасоо мүмкүн эмес болгон бул
ишти кичинекей бир чымын-чиркей түрү өмүр бою эч кыйынчылыксыз жасайт. Денесинен
узунураак болгон бир түтүктү башында алып жүргөн эмен жыгачтын уругун тешүүчү
канаттуу эмен (дуб) дарагынын жыгач сымал мөмөсүнөн (желудь) көз-каранды
жашайт. Канаттуунун башындагы бул түтүктүн учунда болсо кичинекей, бирок өтө
курч бир араа тиши болот.
Канаттуу кадимки
убакта бул түтүктү басышына жолтоо болбошу үчүн денеси менен бирдей кармайт.
Бир мөмөгө келгенде болсо түтүктү аны көздөй ийет. Бул көрүнүшүндө бургулоо
(бурение) машинасына өтө окшошот. Түтүгүнүн араага окшогон учун мөмөгө таяйт.
Кыймылдуу башын оңду-солду көздөй кыймылдатып түтүктү ойнотуп, мөмөнү тешип
баштайт. Бул канаттуунун башы бул ишке эң идеалдуу долбоорлонгон жана укмуш
эркин кыймылдайт.
Бул чымын-чиркей
түрү ушинтип бургулоо жасап жатып бир тараптан түтүгү аркылуу эмен уругунун
ичиндеги мөмөнү жеп азыктанат. Бирок мөмөнүн көп бөлүгүнө тийбейт, аны жаңы
төрөлө турган баласына сактап койот. Тешүү иши бүткөндө, тешиктен ичкериге бир
даана жумуртка таштайт. Жумуртка энеси уруктун ичинде жасаган каналдын ичине
жайгашкан соң личинкага айланат. Личинка урукту жеп баштайт. Жеген сайын
чоңойот, чоңойгон сайын көбүрөөк жейт. Личинка канча көп жесе, уруктун ичинде
чоңоюу үчүн өзүнө ошончо көп орун жасаган болот.
Бул урук бутагынан
жерге түшкөнгө чейин уланат. Уруктун жерге түшүп чыгарган үнү жана чайпалуу
личинкага сыртка чыгуу убактысы келгенин кабар берет. Күчтүү тиштери менен
мурда энеси тешкен тешикти чоңойтуп, тешиктен сыртка чыгат. Личинканын мындан
кийинки биринчи иши өзүн жердин 25-30 смдей астына көмүү болот. Ал жерде
«куурчакча» этабын өткөрүп, бир-беш жыл бою күтөт. Толук жетилип жер бетине
чыкканда болсо, эми ал эмендин уруктарын бургулап баштайт. Куурчакча мөөнөтүнүн
ар түрдүү болушу жаңы эмен уруктарынын жетилишине жараша болот.29
Эмен уругун тешүүчү
жандыктын мындай кызыктуу өмүрү – эволюция теориясын кыйраткан жана Аллахтын
жандыктарды канчалык керемет долбоорлор менен жаратканын көрсөткөн далилдердин
бири. Көңүл бурулган болсо, бул жандыктын ар бир механизми белгилүү бир планга
ылайык дизайн кылынган. Бургулоочу түтүгү, ал түтүктүн учундагы араалоочу
тиштер, түтүктү колдонууга мүмкүндүк берген баш түзүлүшү, булардын баарын
кокустуктар менен же «табигый тандалуу» менен түшүндүрүүгө болбойт. Башындагы
узун түтүгү, бургулоо ишин жасай алмайынча, жандыктын башына бир жүк гана
болот. Ошондуктан муну «этап этап» пайда болгон деп айтууга болбойт.
Личинканын уруктун
кабыгын талкалай турган күчтүү тиштүү болушу, сыртка чыкканда жердин астына
терең кириши керек экенин «билиши» жана ал жерде күтүү үчүн «сабыр кылышы»
шарт. Антпесе, бул жандык урпагын уланта албай, жок болот. Булардын баарын
кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт, жана бул кичинекей жандыктын өтө улуу
бир акыл демонстрациясы менен жаратылганын көрсөтөт.
Аллах бул кичинекей
жандыкты кемчиликсиз органдар жана кемчиликсиз инстинкттер менен жараткан.
Себеби Ал «кемчиликсиз жаратуучу»
(Бакара Сүрөсү, 54).
Кызыктуу бир өсүмдүк: торбо чөбү
Бир жандыктын
кыймыл жөндөмү жок болсо жана жырткыч (эт жегич) болсо кантип азыктанат? Бул
суроого эң сонун жооп катары бир суу өсүмдүгүн мисал бере алабыз.
Илим дүйнөсүндө Utricularia деп аталган торбо чөбү – бир
суу өсүмдүгү. Торбо чөбүнүн чөйчөк формасындагы капкандарында үч түрдүү
секреция бези болот: алардын биринчиси шар сымал секреция бездери, капкандын
сырткы бетинде жайгашкан. Калган эки түрдүү секреция бези, б.а. «төрт колдуу
секреция бездери» жана «эки колдуу секреция бездери» болсо капкандын ичке
бетинде жайгашкан. Бул секреция бездери өтө кызыктуу бир тузакты этап этабы
менен иштетет. Эң биринчиден ички беттеги секреция бездери ишке киришет. Ал
бездердин бетиндеги түктөр сууну торбо чөбүнүн сыртын көздөй насостойт.
Натыйжада торбо чөбүнүн ичинде чоң бир боштук пайда болот. Ал боштуктун оозунда
болсо деңиз суусунун кайрадан ичкери киришине жолтоо болуучу бир капкан бар.
Ал капкандын
бетиндеги түктөр болсо өтө сезгич болот. Суудагы бир жандык же организм ал
түктөргө тийсе капкан заматта ачылат. Натыйжада ичи бош турган торбо чөбүн
көздөй суу тездик менен агат. Ал агымга кабылган олжо эмне болуп кеткенин
түшүнө электе капкан жабылат. Секунданын миңден бириндей кыска убакытка
созулган бул окуядан соң секреция бездери ичкериде камалган олжону сиңирүү үчүн
суюктук чыгарып баштайт.30
Ар бир торбо
чөбүндө бул кемчиликсиз долбоор бар. Баарынын капкандарынын ички бетинде
ушундай секреция бездери жайгашкан. Капкандардын бетиндеги түктөрдүн сезгичтиги
да бирдей. Бул механизм кантип пайда болгон? Кантип бул түрдөгү суу
өсүмдүктөрүнүн баарында бирдей өзгөчөлүктөр бар?
Эволюция жактоочулары
жандыктардагы мындай өзгөчөлүктөрдү кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет
кылышат. Бирок бул долбоор бир гана чындыкка ишарат кылат. Жандыктар
денелериндеги долбоорлору менен бирге бир учурда пайда болушкан. Бүт
жандыктарды бул өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан – Улуу Аллах.
Акулаларга өзгөчө жылытуу системасы
Ак акулалар балыктарды
олжолорун көздөрү менен аңдып кармайт. Жылуу маржан таштуу жерлерде жүргөндө
бул жандыктарга эч маселе жок. Олжолорун оңой гана көрө алышат. Бирок салкын
океандарда жүргөндө ак акулалардын сууктан көрүү жөндөмү таасирлениши керек.
Кадимки шарттарда
муздак суунун таасиринен химиялык процесстер жайлаганы үчүн акула көздөрүн өтө
бат кыймылдаган олжосун аңдыганга жетишпей калышы керек. Бирок акулада эч качан
мындай маселе жаралбайт. Себеби ак акулалардын көздөрү өздөрү сыяктуу муздак
кандуу эмес. Бул акула түрүндө дене булчуңдарынын жылуулугу түздөн-түз көздөргө
жиберилет. Натыйжада эң ылдам кыймылдаган балыктарды, ал тургай, тюленьдерди да
оңой гана кармай алышат.31
Көрүү органдары
суунун ичиндеги кыймылдарга жетишпей турганчалык алсыз болгон башка акула
түрлөрү кантип аңчылык кылышат?
Бул суроонун жообу
акулалардын керемет жаратылганын бизге көрсөтөт.
Электрдик заряддарды сезүүчү акулалар
Бүт жандыктар
жылуулуктан тышкары электр зарядын да чыгарышат. Кургактыкта жашаган бир
жандыктын ал заряддарды сезиши кыйын, себеби аба изоляция кызматын аткарат. Ал
эми суунун ичинде болсо абал башкача. Электрдик заряд табигый бир өткөргүч
болгон суунун ичинде агат. Ошондуктан ал токту сезе алган бир жандык өтө
натыйжалуу бир органга ээ болгон болот. Акулалар да ушундай артыкчылыгы бар
жандыктардан. Суудагы бүт толкундарды, суунун температурасындагы өзгөрүүлөрдү,
туздуулук көлөмүн жана, өзгөчө, кыймылдап бараткан жандыктардын электрдик аянтындагы
кичине өзгөрүүлөрдү да сезе алышат.32
Акулалардын
денелеринде ичи килкилдекке толо көп санда оюктар бар. Ал оюктар көбүнчө
акуланын башына жайгаштырылганы менен, балыктын бүт денесинде бар. «Лоренцини
ампулдары» деп аталган мындай өзгөчө органдар электрдик зарядды сезишет.
Акулалар менен скаттар ушул органдарын колдонуп олжолорун табышат. Бул органдар
баштын жана жаныбардын бетиндеги сүйрү бөлүктүн үстүндө жайгашкан көзөнөктөргө
туташкан. Жана электрдик заряд сезгичи (электрорецептор) катары өтө сезгич
болушат. Акулалар бир вольттун 20 миллиарддан бириндей чоңдуктагы заряддарды да
сезе алышат.
Бул керемет бир
күч. Үйүңүздөгү бармактай батареяларды элестетиңиз. Ошол 1,5 вольттук
батареялардын экөөсүн бир-биринен 3000 километр алыстыкка койсоңуз, акулалар ал
батареялар чыгарган зарядды сезе алышат.33
Бул жерге чейинки
маалыматтардын баары акулалардын укмуш комплекстүү дене системаларына ээ экенин
көрсөтүүдө. Акулалардагы система менен органдардын көпчүлүгү бир-биринен
көз-каранды иштейт. Бири болмоюнча, экинчиси функциясын аткара албайт. Мисалы,
электрдик заряддарды сезүүчү системанын бөлүктөрүнүн бир даанасы эле кем болсо
же кандайдыр бир себеп менен иштебей калса, Лоренцини ампулдары эч нерсеге
жарабай калат.
Бирок, ушуга
карабастан, эволюция теориясы боюнча, алгач пайда болгон акулалардын, б.а.
«примитивдүү акулалардын» азыркы күндөгүлөрдөй электрдик сезгичтери болгон эмес,
кийинчерээк бул кемчиликсиз система кандайдыр бир жол менен пайда болгон деп
кабыл алуу керек. Бирок мындай пикирди кабыл алуу логикага туура келбейт.
Себеби акулалар бул системасыз жашай алышпайт. Мындан тышкары, мындай
комплекстүү бир системанын акырындап пайда боло албашы да анык. Дене
булчуңдарынын жылуулугун түздөн-түз көздөргө өткөрө турган, электрдик
заряддарды укмуш сезгичтик менен байкай турган бул системалар толук бойдон
пайда болушу шарт.
Ошондуктан, бул
системанын эволюционисттер айткандай «этап этап» келип чыгышы мүмкүн эмес.
Ортоңку этаптардын эч бири эч кайсы ишке жарабайт. Фоссил калдыктары да бул
чындыкты тастыктоодо. Миллиондогон жыл мурдакы доордогу акула фоссилдери менен
бүгүнкү күндө жашаган акулалар арасында эч бир айырма жок.
Лоренцини ампулдары
– акулалардагы өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү гана. Акулалардын дем алуу системалары
да, жолдорун таптыра турган магниттик сезгичтери да, ылдам сүзүү жөндөмдөрү да
бир жаратуу керемети. Аллах бүт жандыктар сыяктуу, акулаларды да кемчиликсиз
кылып жараткан.
Ушул сыяктуу
маалыматтар Аллах жараткан нерселерди ойлонууга бир себепчи болот. Ойлонгон
адамдар үчүн болсо жаныбарларда көп насаатар бар. Аллах бул чындыкты аяттарында
төмөнкүчө билдирген:
Аллах асмандан суу түшүрдү,
өлүмүнөн соң жерди аны менен тирилтти; уга алган бир коом үчүн мында чындыгында
бир аят (далил) бар. Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар...
(Нахл Сүрөсү, 65-66)
2 граммдык жетим көпөлөктү туураган 150
тонналык
согуш технологиясы
Заманбап армиялар
колдонгон AWACS учактары кол салуу учурун жана багытын алдын ала биле тургандай
долбоорлонгон. AWACSтар жүз миллиондогон доллар сарпталып курулган заводдордо,
жүздөгөн илимпоз жана инженердин ортоктошкон эмгегинен келип чыккан. Бул
учактар үстүлөрүндөгү ири радарын жана татаал компьютер системаларын колдонуп
өздөрүнөн өтө алыстардагы душманынын иштерине байкоо жүргүзө алат.
Табияттагы
жандыктардын бирөөсү да өмүр бою AWACSка салыштырууга боло тургандай жогору бир
жөндөмдөрдү көрсөтөт. Бул жандыктар бир канча граммдык, 2-2,5 сантиметрлик
жетим көпөлөктөр.
Кээ бир жетим
көпөлөк түрлөрү AWACS учактарындагы сыяктуу бир «алдын ала эскертүүчү (сигнал)»
система менен жабдылган. Ал жетим көпөлөктөр канаттарынын астындагы кулактары
аркылуу душманы жарганаттын чыгарган үн толкундарын 100 метр алыстан да уга
алышат. Натыйжада душмандарынын координаталарын жана аларды көздөгөн бир
чабуулду баштап же баштабаганын аныктай алышат.
Бир тарапта 150
тонна салмактагы, канаты 40 метрге, бою болсо 44 метрге жеткен AWACS учагы,
экинчи тарапта бир канча грамм салмактагы, канаты 2,5 см, бою 2 см болгон жетим
көпөлөк...
Экөөнүн
технологиялык өзгөчөлүгү бирдей. Болгондо да AWACS учушу үчүн 9,5 тонна учак
бензини талап кылынса, жетим көпөлөк бул иш үчүн бир канча миллиграмм
өсүмдүктүн ширесин алса жетет... AWACSтын радары менен компьютери иштеши үчүн
километрлерге созулган кабель колдонулса, көпөлөктүн сезүү системасы үчүн эки
кыска нерв жипчеси гана жетиштүү...
Адамзаттын жүздөгөн
жылдык илимий тажрыйбасы тонналаган салмактагы учактарга араң батыра алган
алдын ала эскертүүчү системалар бир канча граммдык жетим көпөлөктүн канаттары
астында ширеңкенин учундай бир жерде иштөөдө.
Адамдар бүт
мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатып да окшоштура албаган мындай керемет бир система
кичинекей бир көпөлөктүн денесинде эч кемчиликсиз жаратылган. Бүт нерсенин
Жаратуучусу Аллах – бүт ааламдын ээси жана толук өкүмдары. Раббибиздин Малик (Бүт
мүлктөрдүн Ээси) сыпаты бир Куран аятында төмөнкүчө кабар берилет:
Акыйкат малик Аллах өтө улук,
Андан башка кудай жок; Керим Арштын Рабби. (Мүминун Сүрөсү, 116)
Чымын кулагындагы долбоор угуу аппараттарына өрнөк алынууда
Ormia Ochracea аттуу чымын
жумурткаларын кара чегирткелердин үстүнө ташташат жана жумурткалардан чыккан
личинкалар кара чегиртке менен азыктанышат. Токойдун ичинде бир кара
чегирткенин ордун табуу болсо өтө кыйын. Бирок Ormia чымыны бул үчүн атайын
долбоорлонгон сезгич кулактары менен чегирткенин ордун оңой гана таба алат.
Адам мээсинде да
үндүн ордун аныктоо үчүн ушул эле ыкма колдонулат. Бул үчүн үндүн алгач
жакындагы кулакка, андан соң алыста турган кулакка барышы жетиштүү. Үндүн эки
кулакка канча миллисекунда айырма менен жеткенин эсептеген мээ мунун негизинде
үндүн келген багытын аныктайт. Адамда мындай эсептөө 10 миллисекундада
жыйынтыкталат. Ал эми Ormia чымыны болсо бул эсепти ийненин учундай көлөмдөгү
мээси менен адамдан 1000 эсе ылдамыраак жасай алат.34
Табияттагы
долбоорлор адам үчүн дайыма түгөнбөс бир илхам булагы болуп келген. Заманбап
технологиялык продукттардын көпчүлүгү табияттагы долбоорлорду туурап жасалган.
Миллиондогон жылдан бери эч кемчиликсиз иштеп келген системаларды тууроо,
албетте, долбоорчулардын ишин жеңилдетет. Чымындын кулагындагы бул кемчиликсиз
долбоор да учурда Ormiafon аттуу угуу
аппаратын жана тыңшагыч аппараттарды жасоодо туураганга аракет кылынууда.
Адам көчүрүүнү гана
билген мындай долбоорлор өрнөксүз (эч нерсени өрнөк албастан) жаратуу
кудуретинин бир гана Аллахка тиешелүү экенин далилдейт.
Көпөлөктөрдөн ысып кеткен компьютер чиптерине чечүү жолу
Көпөлөк
канаттарындагы кемчиликсиз долбоордо бир керемет да бар. АКШда Tufts университетинде
жүргүзүлгөн бир изилдөө көпөлөктүн канаттарында өзгөчө бир муздаткыч система
бар экенин көрсөттү. Көпөлөктөр муздак кандуу жаныбарлар болгону үчүн дене
температуралары тынымсыз жөнгө салынып турушу керек. Бул өтө чоң бир маселе.
Себеби көпөлөк учуп баратканда канаттарда өтө жогору температура пайда болот.
Бул маселе канды канаттардагы өтө ичке чел кабык катмарлардын ичинен өткөрүү
аркылуу чечилет. Көпөлөктүн денесинде пайда болгон ашыкча температура
канаттардагы ичке тамырларда кандын айланышы аркылуу сыртка чыгарылат.
Көпөлөктөрдөгү
мындай өзгөчө муздатуу системасы компьютер чиптериндеги системага салыштырылып,
өтө жогору жөндөмгө ээ экени аныкталган.
Компьютер чипи
технологиясы өнүккөн сайын алардын ысып кетүү маселеси да күчөйт. Ылдамыраак
чиптер температуранын көбүрөөк жогорулашы дегенди билдирет. Бул температураны
жоготуу маселеси чип өндүрүүчүлөрдүн актуалдуу темасы болууда. Бул темада
жасалган изденүүлөр натыйжасында көпөлөк канаттарындагы технологиянын 2 жыл
ичинде өндүрүшкө кириши пландалууда.
Илимпоздор
табияттагы жандыктарды өрнөк алып долбоорлор жасашууда. Кыскасы, жандыктардагы
теңдешсиз системалар технологиянын өнүгүшүндө жана жаңы чечүү жолдорун табууда
адамдарга жол көрсөтүүдө.
Жапалак үкүлөрдүн үн чыгарбай учушу –долбоорчулардын жаңы максаты
Америка аба
күчтөрүнүн «Сөлөкөт учак долбоору» негизинде жүргүзүп жаткан изилдөөлөрү
жапалак үкүлөрдөгү теңдешсиз канат долбоорун аныктады.
Жапалак үкүлөр
түнкү жымжырттыкта олжолоруна байкатпастан жакындай алышат. Бул артыкчылыкты
аларга канаттарындагы өзгөчө долбоор берүүдө. Башка канаттуу түрлөрүнүн
канаттарындагы түктөрүнүн түзүлүшү учу кырдуу. Жапалак үкүнүн түктөрү болсо
тескерисинче ичке, бирок кырдуу эмес бир дизайнга ээ. Бул өзгөчө дизайн
түнкүсүн аңчылык кылган бул жандыкка үн чыгарбай учуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.
NASA Langley изилдөө
борборундагы илимпоздордун айтуусу боюнча, жапалак үкүнүн учу жумшак түктүү
канаттары аба турбуленттүүлүгүнүн, б.а. добуштардын алдын алат. Аскердик
долбоорчулар жапалак үкү канаттарын туурап, сөлөкөт учактарды асманда сездирбей
учуруу жолдорун издешүүдө.
Бардыгы бир ыйман
акыйкаты болгон ушул сыяктуу долбоор мисалдарын изилдеген илимпоздор Аллахтын
жаратуу чеберчилигиндеги теңдешсиздикти аныктап көрсөтүшүүдө.
Өздөрүн коргой алган өсүмдүктөр
Көп өсүмдүк түрлөрү
курттардын чабуулуна кабылганда, коргонуу максатында учуучу химикаттарды
чыгарышат. Ал химикаттар негизинде кол салган курттардын душманы болгон аңчы канаттуулар
ал аймакка келип, курттарды жеп өсүмдүктү коргошот.
Мисалы, АКШнын Юта
штатында өскөн бир тамеки өсүмдүгүнүн жалбырактары Manduca көпөлөгүнүн личинка
курту тарабынан көп чабуулга учурайт. Тамеки өсүмдүгү жалбырактарын жеген
курттун шилекейин «анализ кылып», андан жабыркаганын «түшүнөт». Ошол замат
коргонуу системасын «иштетет» жана учуучу органикалык химикаттарды чыгарып
баштайт. Тамеки өсүмдүгү чыгарган учуучу химикаттар натыйжасында Geocoris аттуу
канаттуу жандык заматта жардамга келип, курт жумурткаларын жеп зыянкечтердин
санынын көбөйүшүнө жолтоо болот.
Натыйжада өсүмдүккө
зыян тийгизген курттар кыйыр бир стратегия жана укмуш бир акыл менен жок
кылынат. Бирок,
-Өсүмдүк өзүнүн жабыркап
жатканын кантип түшүнө алат?
-Өсүмдүк курттун
шилекейин кантип анализ кылып, өзүн коргоо үчүн кайсы канаттууга муктаж экенин
кайдан билүүдө?
-Өсүмдүк ага жардам
бере турган Geocoris канаттуусунун (коңузунун) көңүлүн буруу үчүн учуучу
касиеттеги химикат затты кантип өндүрө алууда?
Албетте, бир
өсүмдүктүн өзүн душмандарынан коргоо үчүн мындай акылдуу бир стратегияны иштеп
чыгышы мүмкүн эмес.
Өсүмдүктү
кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен жараткан жана өзүн коргоо үчүн эмнелер кылышы
керектигин өсүмдүккө илхам кылган – бул ааламдардын Рабби Аллах.
Аллахтын бар экендигинин далилдери бүт тарапта
Жогорудагы бир
канча ыйман акыйкаты мисалынан да көрүнүп тургандай, Аллахтын жараткан
нерселериндеги кудурети менен илиминин чагылуулары апачык. Бул ыйман акыйкаттарын
окуган эч бир таза жүрөктүү киши буларды кокустан же өзүнөн-өзү пайда болгон
дей албайт.
Бул мисалдар
сыяктуу ааламда асмандан өсүмдүктөргө, адам клеткасынан жаныбарлар усталык
менен жасаган уя, уюктарга чейин миллиарддаган ыйман акыйкаты бар. Ошондуктан
ыйман акыйкаттарын дайыма бүт тараптан көрүүгө болот. Негизи дайыма ыйман
акыйкаттары бизди курчап турат десек туурараак болот. Аллах кулдарынын
денелерин дайыма Өзүнүн бар экенин эске салган ыйман далилдери менен жараткан.
Ошого карабастан
кээ бир адамдардын дагы эле акыйкатты танып, атеист, материалист болушу алардын
көздөрүн көр кылган, акылдарын тоскон капылеттигин жана бул капылеттиктин
чоңдугун көрсөтүүдө. Аллах Куранда мындай адамдардын абалын төмөнкүчө кабар
берет:
Айткын: «Асмандардан жана жерден
силерге ырыскы берген ким? Кулактарга жана көздөргө малик (ээ) болгон ким? Тирүүнү
өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?»
Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айт: «Силер дагы эле коркуп, (күнөөдөн) сактанбайсыңарбы?
Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер болгон Аллах. Андай болсо чындыктан соң адашуудан
башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)
Акылы, жүрөгү ачык,
таза жана көзү көрө алган бир адам Аллахтын далилдеринен эч качан жүз буруп,
аларды четке какпайт.
Булактар:
27- Prof. Dr. Engin Gözükara, İnönü Üniversitesi Tıp Fakültesi Biyokimya Ana Bilim Dalı Bşk., Biyokimya, Nobel Tıp Kitabevleri, 1997, Üçüncü Baskı, s. 579-580
28- Fenella Saunders, Gene-ius Computer, Discover, cilt 21, no. 4, Nisan 2000
29- Mark W. Moffet, "Life in a Nutshell", National Geographic, Temmuz 1989, s. 783-788
30- Stanley Taylor, "Life Underwater" Botanic, sayı 83, Şubat 1988, s. 24.
31- John Downer, Supernature, The Unseen Powers of Animals, Published by BBC Worldwide Ltd., London 1999, s. 146
32- Marie-Sophie Germain, Science et Vie, No: 966, Mart 1998, s. 85-89
33- John Downer, Supernature, The Unseen Powers of Animals, Published by BBC Worldwide Ltd., London 1999, s. 17.
34- http://www.comdig.de/ComDig01-16/# 14.3








Комментариев нет:
Отправить комментарий