суббота, 15 марта 2014 г.

ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫ МИСАЛДАРЫ

 

Ыйман акыйкаттарын беш сезимибиз жеткен бүт жерде көрүүгө болот. Чоң кичине, жандуу жансыз жаратылган бүт нерседе аны Жаратканга алпарчу бир жол бар. Бул болсо ыйман акыйкаттарынын санап бүткүс көп экендигинин бир көрсөткүчү. Аллахка жакыныраак болууну жана бейиште жогору даражалар менен сыйланууну каалаган ар бир ыймандуу адам күчүнүн жетишинче ыйман акыйкаттары жөнүндө маалымат алууга, аларды ойлонууга жана натыйжада ыйманын бекемдөөгө жана мындай күчтүү ыйман менен Аллахты ыраазы кыла турган бийик адеп-ахлакты жашоого аракет кылышы зарыл.
Бул китепти окуп жатып ыйман акыйкаттарынын канчалык маанилүү экенин түшүнгөндөр ыйман акыйкаттарын үйрөнүп алар жөнүндө ойлонуп башташат. Ушул себептен китебибиздин бул бөлүмүндө ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонуп баштагандарга көмөкчү болуу үчүн ааламдагы миллиондогон ыйман далилинен бир канча мисал каралган.


ЫЙМАН ДАЛИЛДЕРИНЕ ДЕНЕБИЗДЕН МИСАЛДАР

Сиз бул текстти окуп жатканыңызда денеңизде миллиондогон процесс жүрүп жатат. Бул процесстерде денеңиздин кайсы аймагында кайсы клеткалардын эмнеге муктаж экени эсептелип, кайсы кызматтарды кылышы керек экени аныкталып, клеткалардын муктаждыктарын канааттандыра турган чаралар көрүлүп, клеткаларга эмнелерди жасашы керек экени бир-бирден айтылууда.
Мисалы, бул текстти окушуңузга шарт түзгөн көз клеткаларыңыз азыктануу үчүн глюкозага муктаж болушат. Бул үчүн каныңызда канча шекер (кант) болоорун эсептөөчү жана шекер көлөмүн туруктуу кармоочу бир система курулуп, денеңизге орнотулган. Жүрөгүңүздүн мүнөтүнө канча жолу согушу керек экени, сөөктөрүңүздө кампаланган кальцийдин көлөмү, бөйрөктөрүңүз бир мүнөттө тазалаган кандын көлөмү жана ушуга окшогон миңдеген нерселер өтө так бир пландоо жана клеткалар арасындагы байланыш тармагы аркылуу эсептелип, уюштурулууда.
Бүт бул уюштуруу ишин жасаган болсо – денебиздеги системалардын бирөөсү гана. 100 триллион клеткабыздын бир-бири менен координациялуу иштешин камсыз кылган бул химиялык байланыш системасы – бул гормон системасы. Гормон системасы нерв системасы менен бирге дене клеткаларынын координациясын камсыз кылат. Эгер нерв системасы интернет аркылуу жөнөтүлгөн кабарларга окшотулса, анда гормон системасы кат аркылуу жөнөтүлгөн кабарларга окшошот; жайыраак, бирок көбүрөөк убакытка таасир тийгизет. Гормон системасынын денебиздеги таасирин чоңоюу темасы аркылуу карайлы.
  

Денебиз кантип бирдей катышта чоңойот?

Бир жашка чыккан бир наристенин салмагы төрөлгөн күнүнө салыштырмалуу болжол менен эки эсе оор, бою 50%га узун болот. Жыл өткөн сайын салмагы укмуш бат өсүп, бою узарат.
Жалгыз клеткадан адамга...

Мына ушул керемет чоңоюу клеткаларыбыз арасындагы кемчиликсиз байланыш натыйжасында ишке ашат. Денебиз биз үчүн химиялык бир байланыш системасы аркылуу башкарылат. Бул системанын мүчөсү жана гормон деп аталган кабар ташыгычтар өмүрүбүздү улантышыбызды камсыз кылган буйруктарды клеткалар арасында алып барып, алып келишет. Ушул байланыш системасы натыйжасында денебиз бирдей катышта, б.а. бүт тарабы бирдей чоңойот.

Чоңоюу керемети

Гипофиз бези – көлөмү төө буурчактай (нокоттой) болгон кичинекей кызгылт түстөгү бир тиштем эт. Мээнин астында жайгашкан гипоталамус аймагына кичинекей бир сап менен уланган. Ушул байланыш аркылуу гипоталамустан түздөн-түз буйрук алат. Ошол буйруктарга жараша керектүү гормонду өндүрүп, денеде зарыл болгон жөнгө салууларды камсыз кылат.
Гипофиздин денедеги жөнгө салууларынын бири – бул дененин чоңоюшу.
Адам денесиндеги чоңоюу процесси эки түрдүү жүрөт. Биринчиси, кээ бир клеткалардын көлөмүнүн чоңоюшу аркылуу, экинчиси болсо кээ бир клеткалардын бөлүнүп көбөйүшү аркылуу болот. Бул эки процесске тең шарт түзүп, башкарган нерсе – бул чоңоюу гормону.
Гипофиз безинен чыгарылган чоңоюу гормону бүт дене клеткаларына таасир берет. Ар бир клетка гипофиз безинен ага келген кабардын маанисин билет. Эгер чоңоюшу керек болсо чоңойот, бөлүнүп көбөйүшү керек болсо көбөйөт.
Мисалы, жаңы төрөлгөн бир наристенин жүрөгү бойго жеткен кездегисинин болжол менен 16дан биринчелик болот. Бирок, клеткалардын жалпы саны бойго жеткен кишинин жүрөгүндөгү клеткалардын саны менен бирдей. Чоңоюу гормону чоңоюу учурунда жүрөк клеткаларынын ар бирине таасир тийгизет. Ошентип ар бир клетка чоңоюу гормонунун ага берген буйругунчалык чоңойот. Натыйжада жүрөк да чоңоюп бойго жеткен бир адам жүрөгүнө айланат.
Денедеги башка клеткалар –мисалы булчуң жана сөөк клеткалары- чоңоюу периоду бою бөлүнүп көбөйүшөт. Ал клеткаларга канчалык бөлүнүшү керек экенин да кайра эле чоңоюу гормону айтат.
Чоңоюу гормонунун бүт дене клеткаларына таасир бере алышы да өтө чоң бир керемет. Эгер кээ бир клеткалар чоңоюу гормонуна моюн сунуп, кээ бир клеткалар болсо бул гормонго баш ийбей койгондо, мунун аягы жаман болмок. Мисалы, жүрөк клеткалары чоңоюу гормону буйрук кылгандай чоңоюп жатканда, көкүрөк сөөктөрү клеткалары көбөйүүдөн жана чоңоюудан баш тартса эмне болмок? Албетте, чоңойгон жүрөк кичинекей бойдон калган көкүрөк сөөгү ичинде кысылып, натыйжада адамдын өлүмүнө себеп болмок.
Же мурун сөөгү чоңоюп жатканда, мурун териси чоңоюуну токтотуп койсо, мурун сөөгү мурун терисин айрып сыртка чыкмак. Денедеги бүт булчуңдар, сөөктөр, тери жана органдар бирдей катышта, бир-бирине туура келе тургандай чоңоюшат. Буга ар бир клетканын чоңоюу гормонуна моюн сунушу шарт түзөт.
Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат;
Гипофиз бези кандайча болуп клеткалардын бөлүнүшү же чоңоюшу үчүн керектүү болгон формуланы билет? Бул өтө керемет бир кубулуш. Себеби көлөмү төө буурчактай болгон бир тиштем эт денедеги бүт клеткаларга буйрук берип, ал клеткалардын чоңоюшун же бөлүнүшүн камсыз кылууда.
Мына ушул жерде Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун дагы бир жолу көрөбүз. Кичинекей бир аймакта жайгашкан клеткалар триллиондогон клетканын белгилүү бир тартипте бөлүнүшүн жана чоңоюшун камсыз кылышууда. Бирок бул клеткалардын адам денесин сырттан көрүп, дененин канчалык чоңоюшу жана кайсы этапка келгенде токтошу керек экенин билүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул аң-сезими жок клеткалар дененин караңгылыгы ичинде эмне кылып жатканын да билбей, чоңоюу гормонун өндүрүшүүдө. Болгондо да, дал өндүрүштү токтотушу керек болгон кезде токтотушууда.
Чоңоюу гормону жөнүндө бул жерге чейин айтылган бүт майда-бараттар жана өтө чиелешкен мындай кылдат тең салмактуулуктар бир гана чындыкты көрсөтүүдө: адамды бир жолуда кемчиликсиз кылып Аллах жараткан. Аллах жаратуусундагы жогорулук жөнүндө Куранда мындай деп билдирет:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда (бар) кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

Супер көзөмөлчүлөр: ферменттер

Жандыктардын денелеринде ар бир секунда сайын сансыз көп процесстер жүрөт. Бул процесстер ушунчалык татаал болгондуктан, ар бир этабында бүт башаламандыкты контрольдоочу, тартипти камсыз кылуучу жана окуяларды ылдамдатуучу «супер көзөмөлчүлөрдүн» кийлигишүүсүнө муктаждык бар. Бул супер көзөмөлчүлөр – ферменттер.
Ар бир жандуу клеткада ар бири өзүнө тиешелүү жумушун жасаган, мисалы, ДНКнын копияланышына жардамчы болгон, азык заттарын майдалаган, азыктардан энергия өндүргөн, жөнөкөй молекулалардан чынжыр жасалышын камсыз кылган жана ушул сыяктуу сансыз иштерди жасаган миңдеген көзөмөлчүлөр бар.
Бул көзөмөлчүлөр ферменттер. Ферменттер жандуу денелердеги тартиптен жооптуу.
Ферменттер клетка ичинде митохондрияларда өндүрүлөт. Көп бөлүгү белоктордон турат, калганы болсо витамин жана витамин сымал заттар. Эгер бул ферменттер болбогондо, эң жөнөкөйүнөн эң татаалына чейин дээрлик эч бир функцияңыз иштемек эмес же токтоп калгандай жай болуп калмак. Бул эки жагдайдын тең аягы өлүм менен бүтмөк. Дем ала албай, эч нерсе жей албай, тамак сиңире албай, көрө албай, сүйлөй албай калмакпыз, кыскасы жашай алмак эмеспиз.
Ферменттердин эң негизги милдети – бул денедеги бир катар химиялык реакцияларды баштап токтотуу жана аларды ылдамдатуу. Денедеги клеткалар өз кызматтарын орундатып жатканда, курамындагы химикаттар реакцияга кириши керек болот. Химиялык реакциялар башталышы үчүн жогорку температура талап кылынат. Мындай жогорку температура болсо жандуу клеткалардын өмүрлөрүнө кооптуулук жаратып, клеткалардын өлүмүнө себеп болот. Бул маселени ферменттер чечет.
Жогорку температураны талап кылбастан, ферменттер химиялык реакцияларды башташат же ылдамдатышат, бирок өздөрү реакцияга киришпейт. Мисалы, дем алып чыгарып жатканда көмүр кычкыл газынын каныбыздан тазаланышында кызмат кылган бир фермент натыйжасында аба жетпей калбастан өмүр сүрөбүз. Себеби «ангидраз» аттуу бир фермент көмүр кычкыл газынын тазалануу процессинин ылдамдыгын 10 миллион эсеге өстүрөт. Бул ылдамдык менен ферменттер бир мүнөттө 36 миллион молекуланы өзгөртө алышат.27

Ферменттер денебизде болуп жаткандарды кайдан билишет?

Ферменттер, бир тараптан, өтө маанилүү реакциялардын эң ылдам жүрүшүн камсыз кылышып, экинчи тараптан, дененин энергиясын эң үнөмдүү пайдаланышат. Эгер адам денесин бир завод, ичинде иштеген ферменттерди болсо заводдогу өндүрүш жабдыктары деп элестетсек, мындай заводго энергия булагы чыдай албайт. Себеби 2000 түрдүү, триллиондогон машинанын мындай ылдамдыкта, кемчиликсиз иштеши үчүн өтө көп энергия талап кылынат. Болгондо да, клетканын ичиндеги жөнөкөй бир реакцияны лаборатория шартында жасоо үчүн эле өтө көп температура менен энергия сарпталышы талап кылынууда.
Ал эми клеткаларда болсо тыптынч гана иштеген ферменттер дененин температурасы жана азыктардан алган энергия менен бүт милдеттерин толук орундатышат. Бир эле ушул касиети да ферменттердин денедеги ар бир кубулушту эч кемчиликсиз жана эң ыңгайлуу абалга алып келүү үчүн пландалган жөндөмдүү «аскерлер» экенин көрүүгө жетиштүү. Азыр сиз бул китепти окуп жатканыңызда да көптөгөн ферменттер денеңиздин бүт тарабында болуп жаткан реакцияларды контрольдоп, аларды клеткаларыңыз жашашы үчүн керектүү ылдамдыкка жеткиришүүдө. Адам өз денесинде эмнелер болуп жатканын биле элек кезде, ферменттер буларды билишет жана бүт процесстерге өтө маанилүү жана керектүү кийлигишүүлөрдү жасашат. Мындан тышкары, ар бир фермент денедеги белгилүү химиялык реакцияларды ылдамдатат. Эч бир фермент башка бир ферменттин ишин жасабайт, өз ишинен адашпайт. Себеби ар бир фермент өз ишине ылайык өзгөчө кылып жасалган.
Мисалы, ферменттердин көпчүлүгү нейтралдуу абалдагы суулуу шарттарда таасирдүү боло алса, ашказанда азыктарды сиңирүү кызматын аткарган ферменттер кислоталуу жерде гана таасирдүү боло алышат.

 Ферменттер эмне үчүн денедеги бүт реакцияларды эмес,
белгилүү реакцияларды гана башташат?

Ферменттердин формалары алар таасир тийгизген затка толук дал келет. Фермент менен ал биригип таасир тийгизе турган зат үч өлчөмдүү татаал бир геометрияда ачкыч менен кулпу сыяктуу бир-бирине туура келет. Дененин ичинде ферменттердин өздөрүнө туура келчү затты табышы жана барып аны менен биригиши өтө аң-сезимдүү бир кыймыл-аракет. Болгондо да, ферменттер дененин бүт тарабына жайгашып, өздөрүнө туура келчү заттарды күткөн аңчыларга окшошот. Баары өз дизайнына жана касиеттерине ылайык, эң туура жерде жайгашат. Зыян тартып кала турган же таасирин жоготуп койо турган жерлерден болсо алыс болушат. Бүт реакцияларды баштоо же ылдамдатуу сыяктуу бир жоопкерчиликти аркалашы болсо өзүнчө ойлонто турган бир жагдай.
Ферменттер эгер аларды токтото турган бир фактор болбосо, денедеги бүт реакцияларды тынымсыз башташып, ылдамдатышат. Бул болсо, мисалы, белгилүү бир белоктун муктаждыктан ашыкча өндүрүлүшүнө же клеткадагы кээ бир тең салмактуулуктардын бузулушуна себеп болот. Ферменттин иш-аракеттерин болсо клетка жөнгө салат. Клетка фермент токтошу керек деп чечкенде, кереметтүү бир аң-сезим жана план менен ферментти «алаксытат». Бул үчүн фермент кадимки шартта бириге турган затка окшош бир затты жөнөтөт жана фермент ал зат менен биригет. Натыйжада ал «жасалма» зат ферментти белгилүү убакытка алаксытып, керексиз иш-аракетине тоскоол болот. Бирок ал жасалма зат ферментти кармаш үчүн чыныгы заттар менен атаандашышы керек болот. Ушул себептен ферментке ушундай жол менен жолтоо болуу «атаандаш ингибитор» (атаандаш жолтоо болуучу) деп аталат. Жана фермент себеп болгон реакциянын натыйжасында келип чыккан продукт белгилүү бир деңгээлден төмөнгө түшкөнгө чейин ферменттин иш-аракеттери ушундай алаксытуу ыкмасы аркылуу токтотулат.
Бул айтылгандар, албетте, бир жолу окуп өтүп кете турган кубулуштар эмес. Баарынан мурда бир жагдайды эске сала кетүү керек; жогоруда айтылган эсептөөлөрдү жасаган, чечимдерди алган, пландарды ишке ашыргандар – билимдүү, аң-сезимдүү, жоопкерчиликти билген адамдар эмес, жансыз атомдордун биригишинен пайда болгон белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер. Клетка кампадагы запастарын текшерген сыяктуу, өндүргөн затынын санын аныктап, өндүрүштү белгилүү мөөнөткө токтото туруу керек деп чечкенде болсо өндүрүштү токтотуу үчүн өтө акылдуу бир планды колдонууда.
Клетканын ферментти алаксыта турган жасалма затты өндүрүшү жана аны дал керектүү учурда жөнөтүшү да өтө акылдуу бир кыймыл-аракет. Себеби мындай жасалма заттар дайыма бар болсо, шашылыш өндүрүш керек болгондо, ферменттерди алаксытып өндүрүшкө жолтоо болушмак. Бирок клеткалар дайыма убакытты туура пландашат. Ушунчалык уюшкан, акылдуу жана көп илим талап кылган кыймыл-аракеттердин көзгө көрүнбөгөн кичинекей молекулалар тарабынан жасалышы – Аллахтын керемет жаратуусунун көрсөткүчтөрүнөн. Бүт бул нерселердин Аллахтын буйругу менен кыймыл-аракет жасаары апачык бир чындык.

 Клеткалардын кыймылдашын камсыз кылган түкчөлөр

Эң жакыныбыздагы, өз денебиздеги ыйман акыйкаттарына дагы бир мисал катары жалгыз жумушу клетканы кыймылдатуу болгон түкчөлөрдүн түзүлүшүн берели:
Кээ бир клеткалар кирпиктерге окшогон түкчөлөр аркылуу кыймылдашат. Мисалы, дем алуу каналдарындагы туруктуу клеткалардын ар биринин жүздөн түкчөсү бар. Түкчөлөр кеменин калактары сыяктуу бирдей кыймылдап клетканы алга жылдырышат.
-Бир түкчөнү тигинен кессек, анын тогуз чыбык (микрочип) формасындагы түзүлүштөн тураарын көрөбүз.
-Микротюб деп аталган чыбыктар бир-бирине кирген эки катмардан турат.
-Ал катмарлардын бирөөсү 13, экинчиси 10 кылдан турат.
-Микротюбиктер тубулин деп аталган белоктордон турушат.
-Микротюбиктин «динеин» аттуу бир белоктуу тышкы кол жана ички кол деп аталган эки бутагы бар. Динеин белогунун кызматы клеткалар арасында мотор кызматын аткаруу жана механикалык бир күч пайда кылуу.
-Тубулин белогун түзгөн молекулалар кирпичтей тизилишип, клеткада цилиндр сымал бир форманы түзүшөт. Бирок тубулин молекулаларынын тизилиши кирпичтерден алда канча комплекстүү.
-Түкчөлөрдүн ортосунда дагы эки микротюб бар. Алар өзүнчө болушат жана он үч тубулин катарынан турушат.
-Ар бир тубулиндин үстүңкү тарабында он даана кыска дөмпөк, астыңкы тарабында болсо он даана оюк бар. Бул дөмпөк, оюктар бир-биринин ичине кире тургандай кылып жаратылган. Натыйжада өтө бекем түзүлүш келип чыгат. Бул дөмпөк, оюктардын кичине эле бузулушу клетканын түзүлүшүнө зыян тийгизет.

Булар түкчөлөрдөгү детальдардын үстүртөн кыскача бир баяны. Бул бөлүктөр бир гана түкчөгө тиешелүү жана алардын жалгыз максаты денеңиздеги триллиондогон клетканын бир даанасын кыймылдатуу. Бүгүнкү күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдардын дем алуу клеткаларынын ар биринде ушундай татаал бир система бар. Болгондо да, бул комплекстүү жана көп бөлүктөрдөн турган система көзгө да көрүнбөй турган кичинекей клетканын ичиндеги бир түкчөнүн ичиндеги түзүлүштөр.
Кыскасы, Аллах биз көзүбүз менен көрө албай турганчалык кичинекей бир жерге өтө системалуу жана комплекстүү бир механизм орноткон. Кокустуктардын бир клетканы кыймылдатайын деп ойлоп, мындай бир системаны курушу жана ушунчалык кичинекей бир жерге батырышы эч мүмкүн эмес. Бул Аллахтын улуу жана чексиз акылы, илими жана кудурети менен гана болушу мүмкүн.

Бир анестезия адиси сымал иштеген мээ клеткалары

Сөөктөр күчтүү басымга туш болгондо, денедеги башка сөөктөргө жана органдарга зыян тийбеши үчүн ичке бөлүктөрүнөн сына тургандай кылып долбоорлонгон. Күчтүү басымга туш болуп сынган бир сөөк үчүн болсо дененин бир катар чаралары бар. Бул чаралардын бири – бул сынуу учурунда ооруну азайтуу үчүн пландалган эндорфин секрециясы.
Сынуу учурунда сокку жеген оору нервдери омуртка аркылуу мээге өтө көп сигнал жөнөтөт. Мээ клеткалары болсо алгачкы 10-15 мүнөт бою оору сигналдарын дээрлик нөлгө түшүргөн морфинге окшош бир табигый анестезия заты болгон эндорфинди чыгарып баштайт. Натыйжада жаракат алган киши кооптуу жерден алыстай алат же чара көрө алат.
Аң-сезими жок, билими жок, колу, көзү же мээси жок клеткалар морфин таасирин берген эндорфиндин формуласын кайдан үйрөнүшкөн? Эндорфинди качан чыгарышы керектигин кайдан билишет? Башка убактарда чыгарылбашы керек экенине кантип чечим алышат?
Өтө кылдат бир план менен курулган адам денесинде ушул сыяктуу дагы көптөгөн таң калыштуу жана керемет процесстер жүрүп турат. Аң-сезими жок клеткаларга бул процесстерди жасай турган акылды берген болсо Улуу Аллах.


 Адам денесиндеги кемчиликсиз системалар
Аллахтын кудуретинин далилдеринен

Ашказандан сиңирилип ичегилерге барган азык аралашмасынын ичинде өтө күчтүү кислоталар болот. Бул кислоталар он эки эли ичегиге чоң бир коркунуч жаратат, себеби ичегинин ашказандай өзүн коргой турган атайын бир катмары жок.
Анда кантип он эки эли ичеги кислоталардан жабыркабайт?
Он эки эли ичегиге келген азыктардын ичиндеги кислотанын көлөмү кооптуу бир чекке жеткенде, ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылат. Секретин гормону канга аралашып карын астындагы безге (панкреас) келип, аны стимулдайт. Карын астындагы без болсо он эки эли ичегидеги коркунучту жоюу үчүн бикарбонат молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Ошол молекулалар аркылуу ашказан кислотасы таасирсиз кылынып, ичеги корголот.
-Ичеги клеткалары аларга керектүү болгон «бикарбонат молекулаларынын» карын астындагы безде бар экенин кайдан билишет?
-Карын астындагы без он эки эли ичегиге кооптуулук жараткан кислоталарды таасирсиз кыла турган «бикарбонат молекулаларын» пайда кыла турган формуланы кайдан билет жана өндүрүштү кантип жасайт?
-Карын астындагы без ичегиден келген коркунуч кабарын кантип түшүнүүдө?
Акылы бар ар бир адам кабыл ала тургандай, клеткалардын ойлонушу, өз башынча чечим алышы, башка бир органдын өзгөчөлүктөрүнөн кабардар болушу жана формулалар чыгарышы такыр мүмкүн эмес.
Клеткаларды жогорку касиеттери менен бирге жараткан – бул ааламдардын Рабби Аллах. Аллах адамдарга денелеринде жараткан бул кемчиликсиз система аркылуу кудуретинин жана илиминин чексиздигин көрсөтүүдө.

1 грамм ДНК молекуласы = 1 триллион CD толо маалымат

Келечектин компьютерлерин долбоорлогон инженерлер адам геномун «жетүүгө мүмкүн эмес» бир долбоор (дизайн) деп сыпатташууда. Мунун себебин түшүнүү үчүн кичинекей бир салыштыруу жасайлы.
Адам денесиндеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринин ядросунда жайгашкан ДНК ал кишиге тиешелүү бүт өзгөчөлүктөрдү камтыган маалыматты сактап турат. ДНК акылга сыйбас жогору бир долбоорго жана маалымат сактоо сыйымдуулугуна ээ. 1 грамм ДНК молекуласы 1 триллион CDге тең маалыматты камтыйт.28 Бир даана CDге жүздөгөн китеп толо маалыматтын батаарын эстесек, 1 триллион CDлик маалыматты камтыган ДНКнын сыйымдуулугун жакшыраак түшүнө алабыз.
ДНКдагы маалымат сактоо системасы компьютер инженерлери алигече туурайбыз деп кыялдана да албай турган кемчиликсиз бир түзүлүшкө ээ.
ДНК молекуласы ар бир адамда жана ар бир жаныбарда алгач жаратылган кезден бери бар. Муну эстегенибизде, канчалык керемет жаратуу менен жаратылганыбызды апачык көрөбүз.

Ушунчалык кичинекей бир жерде белгилүү бир код системасы менен тизилген атомдордо жандыктардын түзүлүшүнө тиешелүү бүт маалыматтардын сакталуу турушу бүт нерсенин Жаратуучусу Аллахтын теңдешсиз күчүн жана чексиз акылын көрсөтүүдө.

Булактар:

27- Prof. Dr. Engin Gözükara, İnönü Üniversitesi Tıp Fakültesi Biyokimya Ana Bilim Dalı Bşk., Biyokimya, Nobel Tıp Kitabevleri, 1997, Üçüncü Baskı, s. 579-580

 28- Fenella Saunders, Gene-ius Computer, Discover, cilt 21, no. 4, Nisan 2000

Комментариев нет:

Отправить комментарий